Отунбаеваны «экс» макамынан ажыратуу керекпи? » The Asia Times - события в Азии и в мире: темы дня, фото, видео, инфографика.

Отунбаеваны «экс» макамынан ажыратуу керекпи?

Кечээ, Бишкекте аялдардын укуктарына арналган 8-марттагы жүрүштүн үзгүлтүккө учурашына нааразы болгон жарандардын катышуусундагы тынчтык митинги болуп өттү. Аталган акцияга экс-президент Роза Отунбаева да келди. Отунбаеванын айтымында, 8-мартта тынчтык жүрүшкө чыккан аялдарга милициянын мамилеси Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө уят кылды, эгемендик жылдарынан бери күрөшүп жеткен демократиялык баалуулуктарга шек келтирди. Ошондой эле, эки ыңкылаптын себептерин эскерткен экс президент учурдагы кырдаалды эске алып, үчүнчү революция болушу ыктымалдыгын кыйытты.

Роза Отунбаева буга чейин да бул түрдүү коомчулуктун ачуусуна тийип, чоң талкуу жараткан иш-чараларга жана акцияларга катышып келгени маалым. 2-8-10 — март күндөрү өткөн митингдерди колдоп, эки жолу өткөрүлгөн «Реакция» аталышындагы митингдерге ишеним көрсөтүп, ал тургай Гапар Айтиев атындагы музейинде өткөн феминисттердин «Феминалле» иш-чарасына чейин барып катышкан. Дегеле, Отунбаеванын акыркы кездеги кадамдары кыргыздын мурунку журт башчысы болгон адамга жараша турган жорукпу? Өзүнүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондун (ЭКФ) ишететип, эмгек өргүүсүндө жүрө берсин. Бирок журт башчы болгон адам тигил же бул топтун кызыкчылыгын колдоп же кайсы бир партияга мүчө болуусу да туура эместей…

Мындан улам, коомчулукта «Кыргызстандын экс президенти» статусун алып жүргөн адамдын мындай иш-чараларга катышуусу кызуу талкууга алына баштады. Ал тургай, Отунбаеваны экс макамынан ажыратып, ал тургай жоопко тартуу керек деген пикирлер да айтылды.
Ооба, Роза Отунбаева КРнын экс президенти статусун алып жүрөт. Анткени ал 2010-жылы болуп өткөн кандуу ыңкылаптан кийин уБактылуу өкмөттүн төрайымы болуп, убактылуу өкмөт ошол жылдын 21-декабрь айына чейин иштеген. Бирок анын экс президент экени чоң суроо пайда кылат. Ошол эле 2010-жылы белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров аны «самозванка» деп атаганы бар.
Кыңыр иш кырк жылга жетпей эле билиндиби, айтор, анын өзүнүн эле үзөңгүлөшү Атамбаев Роза Отунбаеваны байкатпай “Ала-Тоо” аянтына чакырып,  31-август күнү  жер жайнаган элдин көзүнчө “фокусник”, “самозванка” президент деп айтканы али күнгө чейин эсибизде.

Демек, буга чейин да анын «экс президенттик статусу» түрдүү суроолорду пайда кылып, күмөн жаратып келген. Коомчулукта «Чын эле биз ушул аялды президент кылып шайлап алдыкпы?» дегендер четтен чыгат. Аял экенине карабай ашата сөгүп, ардангандар андан көп. А арданайын десе, «биз аны шайлаган эмес экенбиз да» деп суроосуна жооп тапкансып, бирок толук ишенене албай канчасы убара.
Мейли, биз Роза апченин дээрлик 1,5 жыл шайланбай туруп мамлекетти башкаргандыгын унуталы. Бирок, карапайым адамдын пенсиясы 2-2,5 миң сомдун гана тегерегин түзүп жатканда 80 миң сом пенсия алууга Отунбаеванын бети кантип чыдап жатат? Буга моралдык акысы барбы?
Эгерде Отунбаева өз каалоосу менен пенсиядан баш тартып, же болбосо аны башка кедей катмардагы пенсионерлерге бөлүштүрүп бергенде, башка кеп эле, “аа, мыкты турбайбы”,- деп ичибиз жылып кетмек.
Азырчы? 1,5 жыл бакканыбыз аз келгенсип, эми дагы өмүр бою бардык кыргызстандык пенсионерлерден жогорку пенсияны алып жатканына, анда да жөн эле эс алып жатпай, ары-бери кыйшалактаганына кимдин болбосун, кыжыры келет…


КОММЕНТАРИИ